04.04.2018 10:57

ЖЭБди модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору камакка алынды

ЖЭБди модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору камакка алынды

УКМКнын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, бүгүн “Электр станциялары” ААКнын дагы бир  жетектөөчү адиси Темирлан Бримкулов кармалды.

ЖЭБди модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директору Бримкуловго  “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча шек коюлууда. Буга чейин  ушул эле берене менен “Электр станциялары” ААКнын башкы директору кармалган болчу.

Учурда Темирлан Бримкулов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына  киргизилип, иликтөө  иштери жүрүүдө.